Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча прокуратура иликтөөнү баштады

Кыска кабар | 1 Авг 2022 | 558 | 0

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Чыңгыз Жумагуловдун тергөө абагында киши колдуу болуп өлүшү боюнча териштирүүсүн баштады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, крим чөйрөсүндө «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 30-июлда өлтүрүлгөнү кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жумагуловду камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Ал бул фактыны моюнуна алган.

УКМКнын басма сөз кызматы 15-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдирген. Аны кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Жумагулов соттун чечими менен №1 тергөө абагына 7-сентябрга чейин камалган эле.

Copyright © 2017 Maral FM