Боом капчыгайында жол каттамдары бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайындагы жолдун Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин тоодон чогулган сел каптаган.
Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырымын 2 тилкесинде тең сел катталды. Учурда жол Бишкек — Каракол багыты боюнча бир тараптуу ачык.
Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүгө ӨКМдин куткаруучулары тартылды.
Кошумча маалымат берилет.