Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өлкө президенти Владимир Зеленский катышкан жыйынга чакырылды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Украинанын Жогорку Радасында өткөн расмий иш-чарага президент Владимир Зеленский, өкмөт мүчөлөрү жана ардактуу коноктор, элчилик чакырылган.
Анда Украина лидери Зеленский сөз сүйлөп, бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.