Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Орусиянын башкы прокурору келди

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 635 | 0

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстанга Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди. Аны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында башкы прокурор Курманкул Зулушев тосуп алды.

Эки өлкөнүн Башкы прокурорлору кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризм жана диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүң башкы прокуратуралары ортосунда 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлду.

Жапаров баштаган делегация Москванын ири ишканаларына барды (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM