Биз менен байланышыңыз

Жапаров баштаган делегация Москванын ири ишканаларына барды (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Июл 2022 | 670 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Орусияга иш сапары алкагында «Сбербанк России» ачык акционердик коомуна барышты.

Ошондой эле Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү акыркы эмгектерин көрсөтүштү. Тараптар ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өкмөт кыргыз делегациясы Москва шаарына Сбербанк башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен барганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM