Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Орусиянын башкы прокурорун кабыл алды

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 519 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгы, улуттук, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгону айтылды.

Садыр Жапаров Орусия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Себеби эки элдин тарыхый жана маданий жалпылыгы, салттуу достук байланыштары, коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызыкчылыктардын жалпылыгы бар.

Президенттин пикиринде, эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү стратегиялык кызматташтык өнүгүп жатат. Кыргыз тарап муну баалайт. Кандай гана сыноо болбосун, алар өз ара колдоонун негизинде артта калууда.

Орусиянын башкы прокурору Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси позитивдүү өңүттө өнүгүп жатканын жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө ниетинде экенин айткан.

Анын пикиринде, бүгүнкү күндө эки өлкө трансчегаралык мүнөздөгү жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга дуушар болууда — бул экстремизм, терроризм, мыйзамсыз миграция агымдары, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак жана баңги сатуу.

Бүгүн өлкөгө келген орус башкы прокурору менен Кыргызстандын башпрокурору Курманкул Зулушев да жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстанга Орусиянын башкы прокурору келди

Copyright © 2017 Maral FM