29-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат.
ШКУнун Самарканд саммити үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрында өтөт. Ага карата даярдык, күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Жээнбек Кулубаев Ташкентке жасаган сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.