Биз менен байланышыңыз

Улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо маселеси талкууланды

Кыска кабар | 26 Июл 2022 | 309 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда Европа коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды.

Президент Кайрат Абдрахмановду ЕККУ системасындагы жогорку кызматка шайланышы менен куттуктап, Кыргызстанда көп улуттуу элдин ынтымагын чыңдоо, анын ичинде жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо саясаты жүргүзүлүп жатканын айтты.

Учурда «Кыргыз жараны» концептуалдык программасы ишке ашырылууда. Мектептерде улуттук азчылыктардын өкүлдөрү үчүн көп тилдүү билим берүү боюнча пилоттук долбоорлор киргизилүүдө.

Мындан тышкары, улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо максатында этностор аралык коомдук консультациялык кеңештер, коомдук кабылдамалар иштеп жатат.

Кайрат Абдрахманов билдиргендей, ЕККУ бул багытта Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен активдүү кызматташууну улантууга даяр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM