Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги өрүктүн баасы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 981 | 0

Айыл чарба министрлиги өрүктүн баасынын төмөндөшүнө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Өрүктүн баасынын арзан болушуна бир канча фактор таасир этип жатат. Анын бири кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги себеп болууда.

Мындан тышкары, өрүктүн негизги ташуучулары Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан болуп келген. Акыркы жылдары Казакстандын Алматы облусунда өрүк бактары отургузула баштаган.

«Дагы бир себеп — Казакстандын өткөрмө бекети аркылуу товарлардын жай өтүшү. Чек арада өрүк жүктөлгөн унаалардын айдоочулары эки күнгө кармалууда. Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок, казак бажысынан жай өтүп жаткандыктан кезек күтүүлөр жаралууда. Орто эсеп менен күнүнө өрүк жүктөлгөн 6-7 унаа казак чек арасынан өтөт. 

Министрлер кабинети жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн тездетүү үчүн аракет жасап жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Акыркы күндөрү Ысык-Көлдө өрүктүн баасы төмөн болуп жатканы, эл түшүмүн кайсы жакка сатарын билбей жатканы нааразылык пайда кылды. Тургундар бийликтен маселени чечүүнү талап кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM