Биз менен байланышыңыз

Каркыра: Жапаров ат чабыштын жеңүүчүсүнө унаа белек кылды

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 1256 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Анда маданий жана спорттук иш-чаралар да уюштурулду. Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө «Пейил» прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда президент спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды. Ат оюндарында биринчи орунду алган өспүрүмгө унаа алуу үчүн сертификат тапшырды. Автоунаанын сүрөтүн президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Мындай белектин демөөрчүлөрү айтылган жок. Мааракенин уюштуруучусу депутат Акылбек Түмөнбаев.

default

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM