Биз менен байланышыңыз

Жол эмнеге жайында оңдолот? Себеби

Кыска кабар | 23 Июл 2022 | 467 | 0

Жолду оңдоо иштери эмне себептен жай мезгилинде жасаларын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасы түшүндүрдү.

Ишкананын адистеринин айтымында, жылуу мезгилде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзсө, унаанын дөңгөлөктөрү тайгаланбай, жолдун бетине жабышуусу жакшырат. Жолдун үстүнкү катмарынан суу оңою менен өтпөйт, андыктан анын мөөнөтүнөн мурда бузулушун алдын алат.

Октябрдын ортосунан март айына чейин кышкы жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт: кардын агымынан коргоо, кардан тазалоо ж.б. Алар жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Кыш мезгилинде курулуш иштери жүргүзүлбөйт. Курулуш мезгили март айында башталып, август-сентябрь айларында аяктайт.

Марттан майга чейин шагыл жолдордогу эңкейиштерди жана жолдун бетинин тегиз эместигин өлчөө иштери, май айынан баштап жамоо иштери жүргүзүлөт. Жазында жолдорду муз калдыктарынан жана топурактан тазалоого бардык техникалар жөнөтүлөт.  Жамгыр суулары ага турган түтүктөр тазаланат.

Жайында асфальт-бетон төшөө жана башкаларды орнотуу иштери башталат. Андыктан курулуш мезгили жыл сайын туристтик сезонго туш келет. Күзгү жамгырдан бузулуп калбашы үчүн асфальт төшөлгөн негизги катмарлар жайдын аягына чейин төшөлөт. Майдын ортосунан баштап болжол менен октябрга чейин бетон куюп, асфальт төшөөгө болот.

Асфальт суук мезгилде төшөлбөйт, анткени технология боюнча абанын температурасы +10 градустан жогору болушу керек. Асфальтты төшөө үчүн негиз (кум же кум-шагыл аралашмасы) төшөлөт, бул учурда жер кургак болуусу шарт.

Copyright © 2017 Maral FM