Биз менен байланышыңыз

«Жашыл» курулушка өтүүнүн келечеги жана тоскоолдуктар талкууланды

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 405 | 0

Кыргызстан соңку жылдары экологиялык курулуштарга, «жашыл» ишкердүүлүккө өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурган жыйында айтылды.

Жүздөн ашык ишкер катышкан талкууда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрү, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, JIA биримдигинин төрагасы Жоодар Омошов болду.

Бакыт Төрөбаев имараттарды пайдалануу, эксплуатациялоо жана башкаруунун жаңы процесстерин киргизүү зарылдыгын айтты.

«Жашыл демилгелерди колдоонун алкагында мамлекет башчы үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорго 15 жылдык жеңилдетилген мөөнөт белгиленет жана энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн электр энергиясын сатып алуу кепилденет» , — деди Төрөбаев.

Ишкерлер жашыл курулушту өнүктүрүүнүн келечегин жана инвестиция тартууга болгон тоскоолдуктарды талкуулашты. Аз көмүртектүү экономикага өтүү үчүн ESG принциптерин киргизүү сыяктуу жагымдуу жана шарттар керек. Анын ичинде энергиянын натыйжалуулугу, ресурстарды үнөмдөө, имараттарды куруу процессинде альтернативдик энергия булактарын пайдалануу керек.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда бир кишиге 18 чарчы метр турак жай менен камсыз кылуу белгиленсе, анда бардык калк үчүн 117 млн чарчы метр турак-жай туура келет.

2020-жылы турак жай фондунун тартыштыгы 30,9 млн чарчы метрди түздү. Мындай көрсөткүчтөр курулуш тармагында иштеген жеке сектор үчүн чоң мүмкүнчүлүк экени айтылды.

Иш-чараны уюштуруучулар жашыл ишкердикти жана туруктуу курулушту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдар менен ишкерлерди биригүүгө чакырат.

Жашыл купулуш — долбоорлоодо, курууда же пайдаланууда экологияга терс таасирлерди азайткан имарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM