Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон талкуулаган маселелер

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 1295 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Президенттер кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланды.

Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишти.

Аралды куткаруу эл аралык фондунун ишине байланыштуу мамлекет башчылары региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Аралды куткаруу эл аралык фондунун  уюштуруу түзүмүн жана укуктук базасын реформалоо боюнча бардык негиздөөчү мамлекеттердин ырааттуу аракеттерин улантууну жакташты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын  белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM