Биз менен байланышыңыз

Токаев: «Камбар-Ата-1» ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун бекемдейт

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 331 | 0

Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия лидерлеринин жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалуу шартта пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

«Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору кызуу талкууланууда. Анын ишке кириши Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун чыңдап, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат«, — деди ал.

«Камбар-Ата-1 ГЭС куруу» долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана  орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу  5,6 млрд кВт/саатты түзгөн, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³  суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров консультативдик жолугушууга биринчи жолу катышып жаткан Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго өзүнчө көңүл буруп, ал Гурбангулы Бердымухамедовдун миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM