Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту алты айда 2,2 млн жүргүнчү тейледи

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 167 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2022 жылдын 6 айында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчү тейледи. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 42,3%га көбөйгөн. Анын ичинен 1 млн 509 миң 239 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү, 711 миң 751и ички каттамдардын жүргүнчүлөрү.

Жарым жыл ичинде 19 миң 22 каттам ишке ашырылды – бул 2021-жылга караганда 37,4%га көп. Авиакаттамдардын 13 миң 89у – эл аралык, ал эми 5 миң 933ү – ички каттамдар.

«Манас» эл аралык аэропорту 11 миң 529 каттамды тейледи. Анын ичинен 8 миң 520 – эл аралык, 3 миң 9 – ички каттамдар.

Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 184 миң 294 кишини түздү: 826 миң 212 – эл аралык, 358 миң 82 – ички каттамдар боюнча.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 190 каттамды тейледи:

157 эл аралык жана 33 ички. Жүргүнчүлөр агымы 18 миң 383 кишини түздү. Алардын 18 миң 335и – эл аралык, ал эми 48и – ички багыттардан.

«МЭА» ААКнын Оштого филиалы 7 миң 303 авиакаттамды тейледи.

Алардын ичинен 4 миң 412 – эл аралык, 2 миң 891 – ички каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 1 млн 18 миң 313 кишини түздү. 664 миң 692 жүргүнчү эл аралык багыттарга, 353 миң 621 ички каттамдарга туура келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM