Бүгүн, 19-июлда Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан «Ак-Буура» кафесинен чыккан өрт саат 11:45те толук өчүрүлдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өрттүн аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Жерине саат 09:55те ӨКМдин 5 бөлүмү, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган.
Ош шаарындагы «Ак-Буура» кафесинде өрт чыкканы тууралуу «Марал» радиосуна жеринен күбөлөр кабарлашкан.
Ошто «Ак-Буура» кафесинде өрт чыкты (видео)