Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтстин жайында окууга сунуштаган 4 китеби (тизме)

Блог | 31 мая 2024 | 1164 | 0

«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жыл сайын бир жыл ичинде окуган китептеринин арасынан өзүнө жаккандарын окурмандарга да сунуштап турат. Бул жолкусунда ал окурмандарына жай мезгилинде окуу үчүн сунуштаган тизмеси менен бөлүштү.

«Мен биринин артынан бирин окуган китептеримдин мазмундук байланышы байланышы ар түрдүү болот. Анткени мен алгач Жарандык согуштун тарыхы боюнча китеп окусам, андан кийин илимий фантастикалык романды да тандай берем. Шоу же кинолорду көргөндө да ушундай принцибим бар. Бир китепти же кинону аяктагандан кийин, кайсы багыттагы китеп же кайсы жанрдагы кино кызыктуу угулса ошону окуйм же көрөм.

Бирок окурмандарыма өзүм окуган китептердин тизмесин түзүп, сунуштап жаткан учурда, алардын ортосунда байланыш барбы же жокпу дегенге ар дайым көңүл бурам. Бул жолу жайында окууга сунуштаган китептеримдин бири-бири менен логикалык, мазмундук байланыштар бар.

Азыр сиздерге сунуштап жаткан китептеримдин баарында коомго, өлкөгө, чөйрөгө ак ниет менен кызмат кылуу идеясы камтылган. Алардын бири — Вьетнам согушу учурунда фронтто кызмат өтөгөн медайымдар жана алардын кандай курмандыкка барганы, эрдиктери тууралуу роман. Экинчиси болсо санариптик доордо адамзатты берешен болууга, кайрымдуулукка чакыруу. Дагы бири башкалар менен кантип баарлашуу керектиги жөнүндө болсо, дагы бири азыркы замандагы мектеп мугалимдеринин окуучуларын кантип колдогону жөнүндө.

Мен бул китептерди баштаганда башкаларга ак ниеттен кызмат кылуу, жардамдашуу идеясына терең кирүүнү ойлогон эмесмин, бирок бул сапат бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Азыр бардык ЖМКлардын башкы беттеринде согуш жаңылыктары жаңырып, саясатыбыз барган сайын поляризацияланып жаткан маалда, башкаларга жардам бергендерди баалап, өз жашообузда кантип берешен боло аларыбыз жөнүндө ойлонууга шыктандырат», — дейт Билл Гейтс.

Төмөндө Билл Гейтс сунуштаган китептердин тизмеси:

The Women, by Kristin Hannah (Аялдар, автору Кристин Ханна)

Бул укмуштуудай роман АКШ армиясында кызмат өтөгөн медайымдын Вьетнамда эки жолу фронтто болгону тууралуу баяндайт. Анда ал армиядагы кызматы, нааразычылык акциялары жана согушка каршы маанай менен өз өлкөсүнө кантип кайтып келгенин баяндайт. Жазуучу Кристин Ханна абдан ийгиликтүү болгон бир катар китептерди жазган, анын ичинде эң мыктыларынын бири «Тhe Women» китеби. Бул аталган согушта курман болгондордун жаркын элесине жана согуштун ардагерлеринин бааланбай калган эмгеги үчүн эң мыкты жазылган мемуар.

Infectious Generosity, by Chris Anderson (Жугуштуу берешендик, автор Крис Андерсон)

Бул китепте 20 жылдан ашык убакыт TED Talks программасынын куратору болгон Крис Андерсон санариптик дүйнөдөгү берешендиктин, жоомарттыктын коомго таасирин изилдеп чыккан. Ал изилдөөсүндө ар бир адам, анын ичинде жеке адамдар, өкмөттөр, саясатчылар жана жеке ишканалар кантип кең пейилдүүлүктү өрчүтө алары тууралуу пландарды сунуштайт. Бул китеп жөн эле акча берүү, кайрымдуулук кылуу тууралуу эмес. Эгер сиз адилеттүү дүйнөнү түзүүгө жардам бергиңиз келсе, бирок эмнеден баштоону билбей жатсаңыз, Infectious Generosity (Жугуштуу Берешендик) китеби сиз үчүн, дүйнөнү өзгөртүүнү ушул китепти окуу менен баштаңыз.

Brave New Words, by Sal Khan (Эр жүрөк жаңы сөздөр, автор Сал Хан)

Салман Хан — Хан Академиясынын негиздөөчүсү. Ал жасалма интеллект пайда боло электе эле билим берүүнү жаңы нукка бурган жол баштоочулардын бири. Анын Brave New Words китебинде AI (жасалма интелект) билим берүүгө кандай таасир бере турганын кеп кылат жана жасалма интеллекттин билим берүүгө оң таасир берерин бир канча далилдер менен бекемдеген. Ал жасалма интеллект окуучулар үчүн да, мугалимдердин тажрыйбасын да түп-тамырынан бери жакшыртып, ар бир адам дүйнөлүк деңгээлдеги билимге ээ болуусуна жардам берерине ишенет.

How to Know a Person, by David Brooks («Адамды кантип тааныса болот», автор Дэвид Брукс)

Мага Дэвиддин «The Road to Character» («Мүнөздү калыптандырууга жол») деген китебин да окугам. Бирок  «How to Know a Person» андан да мыкты жазылганы талашсыз. Ал китебинде адамдын өзүнүн чөйрөсү, коому менен сүйлөшө алуусу, мамиле түзүү сыяктуу көндүмдөр жөн гана тубаса сапаттар эмес, аларды үйрөнүп, өркүндөтсө болот экендигин ырастайт. Ошондой эле ал «loud listening» деп атаган практикалык кеңештерди берет, бул көнүгүүлөр сизди айланаңыздагы адамдарга баалуу жана сиз сүйлөп жаткан учурда баары кунт коюп угуусуна жардам берет. Бул китеп бир гана мамиле түзүүнү жакшыртуучу көрсөтмө курал эмес, активдүү жана гумандуу жашоо образын калыптандырууну көздөйт.

Билл Гейтстен китеп окурманга 4 кеңеш

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM