Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 1-июнда 31 градус ысык болот

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 249 | 0

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+30 градус нөлдөн жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM