Биз менен байланышыңыз

Үч округ боюнча шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 230 | 0

Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов райондук шайлоо округдарында Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн убактысы аяктады.

Үч райондо шайлоого катышуу ниети тууралуу 44 талапкер арыз берген. Анын ичинде, Ноокат районунда 12 талапкер бар, алардын бири аял киши.

Ысык-Көл району боюнча 20 талапкер, Свердлов районунда 12 талапкер, алардын ичинен экөө аял.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2-июнда талапкерлер катталуу үчүн документтердин толук пакетин тапшырышы керек. Алар шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документ,жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен справка жана талапкер жөнүндө башка маалыматтар.

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун карап, депутаттыкка талапкерлерди 10-июнга чейин каттайт.

Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 10-июндан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, ал 29-июнда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM