Кыргызстан 5 айда 41 кг алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып, Economist.kg басылмасы жазды.
2022-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандан 41, 4 кг алтын экспорттолгон. Алтындын баары Түркияга сатылып, анын жалпы көлөмүнүн наркы 390 миң доллардан бир аз жогору бааланган.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 тонна 135,7 кг алтын сатылган жана ал 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз болгон.