Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн тарта министрлер элге отчёт бере башташат

Кыска кабар | 17 Июл 2022 | 880 | 0

Бүгүн, 18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери тууралуу жалпыга отчётун бере баштайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Отчёттук жумалык төмөнкүдөй тартипте түзүлдү:

18-июль. Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

19-июль. Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;

20-июль. Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги;

25-июль. Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги;

26-июль. Өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, комитеттер;

27-июль. Энергетика министрлиги, Коргоо министрлиги, Юстиция министрлиги.

Жолугушуулар бейформал тартипте өтүп, алгач тиешелүү министрлер отчёт берип, андан соң медиа өкүлдөрү менен суроо-жооп, баарлашуулар болору кабарланды.

Айта кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров Министрлер кабинети менен өткөргөн жыйынында мамлекеттик органдын жетекчилерин элге, медиа тармакка ай сайын отчёт берип турууну милдеттендирген.

Бийлик өкүлдөрү элге, журналисттерге ай сайын отчёт берип турат

Copyright © 2017 Maral FM