Биз менен байланышыңыз

Бийлик өкүлдөрү элге, журналисттерге ай сайын отчёт берип турат

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 310 | 0

Президент Садыр Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында сөз сүйлөп жатып, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдын өкүлдөрүн ачык болууга чакырды.

«Айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди бүгүн эмне иш кылганы боюнча жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин», — деди ал.

Мамлекет башчы бийлик органдарынын өкүлдөрүн ай сайын отчёт берип турууга жана аймактарда аткарылган иштер тууралуу  элге, массалык маалымат каражаттарына маалымат берип турууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынына төрагалык кылып жатат. Анда быйылкы жылдын биринчи жарымында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM