Маданият министрлиги «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин башкы директорун дайындоого талапкерлердин документтери кабыл алына турганын билдирди.
Комплекстин жетекчиси кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
Гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, музейлердеги иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болушу шарт. Илимий даражасынын болушу артыкчылык катары эсептелет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер керек:
-«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексин өнүктүрүү программасы;
-резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
-автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-кадрларды эсепке алуу баракчасы;
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер Маданият министрлигинине 25-июлга чейин тапшырылышы керек.
Султанбек Абдрахманов 14-июлда «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин башкы директору кызматынан бошотулган. Ал «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун директору болуп дайындалган.