Биз менен байланышыңыз

Сот 13 жаштагы майып кызды зордуктоого күнөөлүүлөр эмнеге бошотулганын түшүндүрүштү

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 1026 | 0

Бишкек шаардык соту Сокулукта 13 жаштагы майып кызды зордуктоого айыпталгандарга өкүм чыгарып, аларды айып пул төлөө менен бошоткон.

Шаардык соттун коллегиясы бүгүн, 15-июлда маалымат жыйын өткөрүп, бул чечимге түшүндүрмө берди.

Эки күн мурун, 13-июлда Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу абактан бошотулганын билдирген.

Судья Нурлан Кожомбердиевдин айтымында, бул иш Бишкек шаардык сотуна 2022-жылдын 15-мартында түшүп, судьялар ротация болгонуна байланыштуу дароо май айында каралган.

13 жаштагы майып кызды зордуктоо окуясы 2013-жылдын сентябрь айында катталган, жабырлануучунун апасы 2015-жылдын июнь айында укук коргоо органдарына кайрылган.

2015-жылдын сентябрь айында Сокулук РИИБи кылмыш ишин козгоп, 16 жаштагы эки балага айып коюлган.

Кылмыш иши 2018-жылдын апрель айында Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2019-жылдын апрель айында Сокулук райондук соту эки соттолуучуга карата өкүм чыгарып, бири 8 жылга, экинчиси 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Андан соң Сокулук райондук сотунун өкүмү Жогорку Сотко чейин эки жолу даттанылган. 2022-жылдын февраль айында кылмыш иши апелляциялык тартипте кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Соттун түшүндүрмөсүнө караганда, ал кезде 1997-жылы кабыл алынган кодекстер күчүндө болчу. Иштин катышуучулары жашы жете элек балдар болгондуктан аларга өкүм чыгарылганда 1997-жылдагы нормалар колдонулган.

13-июлда соттолуучулар күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулган. Кылмыш жасалгандан бери 9 жылдан ашык убакыт өткөнү жана иштин катышуучулары өспүрүмдөр болгону үчүн жазалары эки эсе кыскартылган.

Copyright © 2017 Maral FM