Биз менен байланышыңыз

Болот Темировго паспорт мыйзамдуу берилгени тастыкталды

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 441 | 0
Журналист Болот Темиров

Бүгүн, 14-июлда Бишкектин Свердлов райондук соту Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз алган деп айыпталган журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты.

Отурумда айыптоочу тараптын күбөлөрү — Ош облусунун Өзгөн районунун паспорт столунун кызматкерлери сурак беришти.

Болот Темировдун айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн азыркы жетекчиси Эрнис Абдрахманов көрсөтмө берди. Каттоо кызматынын кызматкерлери Болот Темировдун паспорту мыйзамдуу берилгенин тастыкташкан.

«Паспорт столунда 2008-жылы иштеген кызматкерлери Болот Темировго паспорттор мыйзамдуу түрдө берилгенин жана жасалма эместигин тастыкташты. Бардыгы мыйзам чегинде жасалган. Анын үстүнө, мен Ак үйгө кызматка орношуп жатканда документтерим тиешелүү атайын кызматтар тарабынан текшерилген», — деди журналист.

Иликтөөчү журналист Болот Темировго төрт кылмыш иши козголгон: документ жасоо, жасалма документ колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, баңгизат даярдоо. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырат.

Быйыл 18-апрелде Temirov LIVE каналы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыялаган. 20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM