Биз менен байланышыңыз

Орусиядан күйүүчү майды алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 349 | 0

Орусиядан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 14-июлдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Казакстанды кошпогондо, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу орточо жана туруктуу.

«Биз ири дистрибьюторлор жана нефтетрейдерлер менен тыгыз кызматташабыз. Ички рынокто бааларды колдоо үчүн үч айга — июль, август, сентябрга бензин жана дизелдик күйүүчү майды алымсыз ташып келүүнүн көлөмүн 40 миң тоннадан 60 миң тоннага чейин жогорулатуу боюнча келишим түзүлдү», — деди ал.

Акылбек Жапаров азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашынын себептерин да айтты.

«Биздин ички рынок импорттук товарлардан көз каранды. Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлдүк. Бир катар керектелүүчү товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 1 млрд 450 млн сомго жакын каражат түшпөй калды», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM