Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: «Крыша болуу» деген түшүнүктү жок кылып жатабыз

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 284 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында бардык мамлекеттик кызматтардын жетекчилери туура эмес иштерге аралашса, катуу чара көрүлөрүн айтты. Алардын буга чейинки сиңирген эмгеги эсептелбей турганын эскертти.

«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз. Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим: кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турган болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура, туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет«,- деп белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчы бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болгонун белгиледи. Анын ичинде салыктык кирешелер 104,5 млрд сомду, салыктык эмес кирешелер 25,3 млрд сомду, трансферттер (которуулар) 3,7 млрд сомду түздү.

Салыктык киреше боюнча Салык кызматы 72,8 млрд сом, Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту.

«Салыштыруу үчүн пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан. Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жатканыбызды көрүүгө болот. Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм», — деди президент.

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирет өкмөттүн жыйынына төрагалык кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM