Биз менен байланышыңыз

Саясий оюндар бүттү. Президент быйыл экономиканын жылы болорун айтты

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 559 | 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, саясий иш-чаралар өтүп бүткөнүн, эми экономика менен алектенүүнүн убагы экенин айтты.

Өткөн жылы конституциялык өзгөртүүлөр менен катар тармактарды өнүктүрүү боюнча токтомдор, мыйзамдык актылар иштелип чыгып, кабыл алынган. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасы иштей баштады.

«Шайлоолорду өткөрдүк. Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм. Эми мындан ары саясий оюндар менен эмес, экономика менен алектене турган жылдар», — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турарын, дүйнө өлкөлөрүндөгү өнүгүүгө Кыргызстан түздөн-түз байланышы бар экенин айтты.

«Биринчиси, дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо — Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң. Биз да ушул программага киргенбиз. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган. Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50%га жеткирди. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү мамлекеттик органдардын жана Министрлер кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат. Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индикаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыккан. Жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо демилгелерибиз Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бир компоненти экенин белгилеп кетким келет. Бул багыттагы иштер улантылат», — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары ЕАЭБ жөнүндө сөз кылып, бул уюмга мүчө болуп туруунун өзү Кыргызстандын дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экенин тастыктай турганын белгиледи.

Жапаров темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM