Биз менен байланышыңыз

Президенттин катышуусунда Министрлер кабинетинин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 287 | 0

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтөт. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө өкмөттүн отчёту угулат.

Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын  түз эфиринде көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM