Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин мидетин аткаруучу Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Маалыматка караганда, министрлер кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышкан.
Мындан тышкары, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу жөнүндө сөз болду.