Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагынан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.
УКМКнын маалыматына караганда, кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталды. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.