2022 жылдын 10 июлунда Атайын кызмат прокуратура, ички иштер органдарынын катышуусунда Нарындын Миң-Куш айыл аймагындагы жасалма документти колдонуу менен 150 тонна көмүр ташып жаткандарды кармады.
Маалыматка караганда, Ак-Улак көмүр тилкесинен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С., М.у.А., жана Т.у.М., аттуу кыргызстандыктардын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 10-июлда 150 тонна көлөмүндөгү көмүр ташып чыгып бараткан жеринен беш оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары С.С.С., К.Н.А., К.И.М., И.Н.И., жана А.у.К., кармалган.
Учурда тийиштүү ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.