Биз менен байланышыңыз

Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 1488 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк аймагында курулуш имараттарына техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун тартиби, шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей жатканын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экенин белгилешкен.

Камчыбек Ташиев тиешелүү мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM