Биз менен байланышыңыз

KOICA агенттиги менен кызматташтык талкууланды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 259 | 0

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов баштаган делегация бүгүн, 13-июлда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сонг Хюксанг менен жолугушту.

Анда Алмаз Исанов экономиканын артыкчылыктуу багыттарындагы санарип долбоорлорун ишке ашырууда KOICAнын Кыргызстанга жардамы тийгенин айтып, долбоорду кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда санариптик көндүмдөрдү жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча изилдөө жүргүзүүнүн маанисине токтолду.

Алмаз Исанов жогоруда аталган багыттар боюнча кыргызстандык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Сон Хюксанг Кыргызстанда өлкө үчүн актуалдуу болгон аймактардагы артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле түрдүү демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM