Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы бизнести колдоо боюнча эки жылдык программа иштеп чыкты

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 249 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы 2022-2024-жылдарда ишкерликти колдоо программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Программа ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү, ошондой эле инвестиция тартуу максатында жазылган. Ал шаардык бюджеттин негизинде ишке ашырылат.

Конкреттүү тапшырмалар, мөөнөттөр жана жооптуу аткаруучуларды камтыган иш-чаралардын планы бар экени айтылды.

Программа максатына жетиши үчүн төмөнкү милдеттерди камтыйт:

-Ишкерлик активдүүлүктү өнүктүрүү жана экономиканын байкалбаган секторунан чарба жүргүзүүчү субъектилерди чыгарууга шарт түзүү;

-Ишкерликти колдоону укуктук жөнгө салууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлердин кызматташтыгын жакшыртуу;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM