Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун 28 учуру катталды

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 206 | 0

Бүгүн, 12-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетинин 28 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашты.

Анын ичинен 20 адам оорунун белгилери пайда болгон үчүн ооруканага кайрылган, эки учур Өзбекстан менен Казакстандан келген жарандардан аныкталган. Дагы алты учур ПЦР изилдөө учурунда аныкталган.

Коронавирус жуктуруп алгандардын 20сы үйдө дарыланууга жиберилди, экөө ооруканага жаткырылды.

Адистер акыркы жумада оорунун өсүшү байкалганын билдирет.

Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустун 201 миң 243 учур катталды. Жалпы бейтаптардын 1,5 пайызы көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM