Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Окуучуларга он күндүк эс алуу уюштурулат

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 325 | 0

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы 12-июлдан 21-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинде окуучуларга эс алуу уюштурат.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкектеги жалпы билим берүү уюмдарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 230 окуучу барат.

Алар социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр категориясындагы балдар: ата-энеси жок, жарым жетим, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ата-энеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ошондой эле шаардын отличниктери, активисттери жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү.

Өнөктүк жай мезгилинде балдардын эс алуусун камсыз кылуу, укук бузуулардын жана кароосуз калуунун алдын алуу максатында уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM