Биз менен байланышыңыз

Коңшу өлкөнүн президенттери кыргызстандыктарды Курман айты менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Июл 2022 | 482 | 0

Бүгүн, 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары кыргызстандыктарды жана өлкө президентин Курман айт майрамы менен куттукташты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев:

«Ислам үммөтү үчүн улуу майрам баалуулуктардын, жакшылыктын, ыймандын жана адилеттиктин болуп көрбөгөндөй көрүнүшү катары мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Кайрымдуулук менен ырайымдуулукту чагылдырган бул Курбан айт дүйнөгө жылуулук тартуулап, элдерибиздин ынтымагын арттырсын».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: 

«Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кең пейилдиктин символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду жолдогонума чексиз кубанычтамын. Бул ыйык күн тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы туугандык байланыштарды чагылдырат. Биздин биргелешкен умтулууларыбыздын аркасында тарыхый тамыры терең өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер акыркы жылдары таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн канааттануу менен белгилегим келет. Күчтүү саясий эрк, жалпы күч-аракеттер жана алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги байланыштар менен биз Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтип, дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдай аларыбыз шексиз».

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов:

«Куттуу Курбан байрам майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман коомчулугунун биримдигин, өз ара сый-урматын, тилектештигин жана тынчтыгын чыңдоого салым кошот деп терең ишенем».

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон:

«Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн куттуу болгон бул майрам эзелтен бери гуманизмдин жогорку идеяларын символдоштуруп, бизди ар тараптуу өнүктүрүүгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого дайыма үндөп келет. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз бул жолдо мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишебиз жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, тажик-кыргыз ынак коңшулук мамилелерин мындан да жогорку деңгээлге көтөрөрүбүзгө ишенем.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев:

«Ислам дининин негизги майрамдарынын бири, ыйык Курман айт майрамы руханий биримдикти жана тилектештикти, ошондой эле жакшы иштер үчүн жан аябоого даярдыкты камтыган бийик гумандуу жана адеп-ахлактык баалуулуктарды айкалыштырат».

Палестина президенти Махмуд Аббас: 

«Палестина мамлекетинин, анын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизди, сиздин атыңыздан бир тууган Кыргыз Республикасынын элин Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн жана кызуу куттуктап коюу мага чоң кубаныч тартуулайт. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, элиңизге жана өлкөңүзгө, ошондой эле биздин бүткүл үммөтүбүзгө тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыз.

Түркмөнстандын халк маслахаты милли генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов:

«Куттуу Курман айт майрамы менен сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдогонума абдан кубанычтамын.

Кудуреттүү Алладан сизге жана жалпы мусулман үммөтүнө анын берекесин беришин сураймын. Баардык жакшы тилектериңиздерди, кылган амалдарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Copyright © 2017 Maral FM