Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Манас» аэропортун түрк компаниясына берүүдөн баш тарттык

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 1961 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэропорттору боюнча тарап жаткан сөздөргө жооп кайтарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

«Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтылбагандыгына байланыштуу «Манас» жана «Ош» аэропорттору боюнча келишимден баш тарттык. Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз да максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат», — деген Жапаров.

Айта кетсек, 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев өкмөт «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун 39 жылга түркиялык компаниянын сырткы башкаруусуна бергени жатканын айтып, бул маселе боюнча өлкө башчысына атайын кат менен кайрыларын кошумчалаган.

Депутат: Өкмөт эки ири аэропортту 39 жылга сырткы башкарууга бергени жатат

Copyright © 2017 Maral FM