Биз менен байланышыңыз

Депутат: Өкмөт эки ири аэропортту 39 жылга сырткы башкарууга бергени жатат

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 616 | 0

Өкмөт «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору 39 жылга түркиялык компанияга сырткы башкарууга бергени жатат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин 30-июндагы жыйынында айтты.

Акаевдин маалыматы боюнча, тийиштүү комиссия, Тышкы иштер министрлиги «бул улуттук кызыкчылыкка каршы келет» деген терс  корутунду чыгарып берген. Бирок ага карабай Министрлер кабинети аба майдандарды сырткы башкарууга бергени турат.

«Министрлер кабинети «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун 39 жылга түрктөрдүн анча белгилүү эмес компаниясына сырткы башкарууга берүү боюнча меморандум түзүүнүн алдында турат. Биз аэропортторубузду 39 жылга сырты башкарууга берип жатабыз, муну Акылбек Жапаров ушул трибунада айткан. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банкка IFC менен келишим түзүп, ачык конкурс өткөрүлөт деген сөз берилген. Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч кандай конкурсу, тендери жок эле эки чоң аба майданды 2061-жылга чейин сырткы башкарууга бергени жатабыз», — деди Жанарбек Акаев.

Ал бул маселе боюнча президентке атайын кат менен кайрыларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM