Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Кыска кабар | 7 Июл 2022 | 507 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө бөлмөсүндө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды.

Ал буга чейин эки жолу эмдөөдөн өткөн, учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алды.

Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат.

Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.

Министрлер кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет.

4-6-июлда Кыргызстанда COVID-19 вирусунун 30 учуру катталып, төрт адам ооруканага жаткырылганын Республикалык штаб кабарлады.

Жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында аныкталган.

30 учурдун ичинен беши Корея, Пакистан, АКШдан келгендер жарандардан аныкталса, калган 18 адам оорунун белгилери пайда болгонуна байланыштуу кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM