Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кургак учукту азайтууга аракеттер көрүлүүдө

Коом , Кыска кабар | 7 Июл 2022 | 814 | 0

Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жугузган өлкөлөрдүн сап башында туруп, кооптуу аймак катары эсептелет. Өлкөдө жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдары кургак учукка чалдыккан балдардын саны арбыды.

Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын мекемелеринде «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы ишке кирди. Анын максаты бейтапты мүмкүн болушунча жашаган жеринен дарылоо, кургак учукка каршы күрөштү күчтөнтүү, жугуу коркунучун азайтуу болуп саналат.

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Нурлан Галбаев аталган оорукананын базасында кургак учукка чалдыккан бейтаптарды кабыл алууга атайын бөлмө бөлүнүп, дайыма фтизиатр дарыгер көзөмөлдөп турарын айтып берди.

«Медициналык кызматкердин көзөмөлүндө күнүмдүк дары-дармек кабыл алуу кургак учукка каршы дарылоонун зарыл шарты болуп эсептелинет. Аны эске алуу менен «Кургак учукту башкаруу» бейтаптын жашаган жеринде сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Тактап айтканда, эгерде мурда бейтаптар аралыкка, ден соолугунун абалына, коомдук транспортту пайдаланууда жана башка ыңгайсыз учурларга карабастан, шаардын борборлоштурулган мекемесине күн сайын барууга туура келсе, эми азыркы учурда бейтаптар үйүнүн жанындагы медициналык мекемеде дарыланып жатышат. Ошентип, саламаттыкты сактоо системасы бейтаптын муктаждыктарын эске алып, бейтапка багытталган принцибин камсыз кылып жатат. Белгилей кетсек, кургак учукка каршы дарыланып жаткан бейтаптар ооруну айланасындагыларга жугузбайт».

Буга чейин «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондоруна 2018-жылы киргизилген.

Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринде ар бир бейтап үчүн кургак учук менен күрөшүү боюнча топ түзүлөт. Анын курамына райондук фтизиатр жана үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери кирет. Өкмөттүн 2017-жылдын 17-январындагы токтомуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жобосуна ылайык, алар бейтапка ыңгайлуу дарылоону уюштуруу, дарылоонун жүрүшүнө клиникалык мониторинг жүргүзүү; бейтаптын дарылоого кармануусун баалоо; калыптандыруу жана мониторинг жүргүзүү; аны психологиялык жана социалдык жактан колдоо жана бейтап менен байланышта болгон адамдарга текшерүү жүргүзүшөт.

«Кургак учукту башкаруу» тобунун мүчөлөрүнө кошумча милдет жүктөлгөнүнө байланыштуу «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө» мыйзамга ылайык, аларга материалдык жардам каралганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков түшүндүрдү.

«Азыркы тапта жалпысынан 130 бейтап дарыланып жатат. 7 бейтап аягына чейин дарыланып бүттү, өздөрүн жакшы сезип, сакайды. Ошол жети бейтаптын абалы тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна көрсөтмө жөнөттүк. Эгер алар текшерип, кол коюп беришсе, дарылаган дарыгер, медайымдарга 12 миңден 24 миң сомго чейин төлөнүп берилет.

Бул каражаттар аларга жүктөлгөн функцияларды жана жумуш көлөмүнө жараша топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Кургак учуктан ийгиликтүү дарыланган, райондук же шаардык консилиумдун текшерүүсү менен тастыкталган учурлар гана төлөнүп берилет».

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун Ленин районунда 5 филиалы бар. Бул райондо жашаган бейтап үйүнө жакын жердеги мекемеге күн сайын барып, дары-дармектерди алып турууга тийиш. Медайымдардын көзөмөлүндө керектүү дарыларды ичип, кагазга кол коюп кетет. Мындай аракет бейтап дарыларды өз убагында ичүүсүн, бейтаптар сакаюу жолуна багыт алуусун камсыздай турганын түшүндүрдү фтизиатр дарыгер Бегимай Рахманова. Бейтаптар анализди акысыз тапшырып, керектүү дары-дармекти бекер алышат.

«Тиешелүү анализдерди тапшыруу үчүн мурдагыдай Улуттук фтизиатр борборуна баруунун кажети жок, үйүнө жакын кеңседен тапшырса болот. Ал дароо транспорт аркылуу башкы кеңсеге жеткирилет, жыйынтыгы «ТБ каттоо» системасына жүктөлөт. Аталган системада бардык бейтаптын абалы, ичип жаткан дары-дармеги, анализдердин жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Системага консилиум (дарыгерлер тобу) кирип, баарын көрө алышат. Бүгүнкү күндө жалпы 97 бейтап бар. Анын ичинен 19у стационардык дарыланууда, ал эми калган 78 бейтап амбулатордук дарыланууда».

Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет аба аркылуу жана оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарыларды ичиши керек.

Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот.

Дүйнөлүк статистикага таянып айтсак, кургак учукка чалдыккандар 13%га, көз жумгандар 26%га азайган. Анткен менен айрым өлкөлөрдө ооругандар азайса, айрым мамлекеттерде тескерисинче, көп каттала баштаган.

Кургак учук адамдын өмүрүнө өтө кооптуу 10 дарттын катарына кирет. 2017-жылы дүйнөдө 10 млн адам ооруган болсо, анын 1,6 миллиону каза тапкан. 2000-жылдан 2017-жылга чейинки дүйнөлүк статистикада бул илдетке чалдыккандар 54 млн адамга кыскарганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM