Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жугузган өлкөлөрдүн сап башында туруп, кооптуу аймак катары эсептелет. Өлкөдө жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдары кургак учукка чалдыккан балдардын саны арбыды.
Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын мекемелеринде «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы ишке кирди. Анын максаты бейтапты мүмкүн болушунча жашаган жеринен дарылоо, кургак учукка каршы күрөштү күчтөнтүү, жугуу коркунучун азайтуу болуп саналат.
№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Нурлан Галбаев аталган оорукананын базасында кургак учукка чалдыккан бейтаптарды кабыл алууга атайын бөлмө бөлүнүп, дайыма фтизиатр дарыгер көзөмөлдөп турарын айтып берди.
Буга чейин «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондоруна 2018-жылы киргизилген.
Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринде ар бир бейтап үчүн кургак учук менен күрөшүү боюнча топ түзүлөт. Анын курамына райондук фтизиатр жана үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери кирет. Өкмөттүн 2017-жылдын 17-январындагы токтомуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жобосуна ылайык, алар бейтапка ыңгайлуу дарылоону уюштуруу, дарылоонун жүрүшүнө клиникалык мониторинг жүргүзүү; бейтаптын дарылоого кармануусун баалоо; калыптандыруу жана мониторинг жүргүзүү; аны психологиялык жана социалдык жактан колдоо жана бейтап менен байланышта болгон адамдарга текшерүү жүргүзүшөт.
«Кургак учукту башкаруу» тобунун мүчөлөрүнө кошумча милдет жүктөлгөнүнө байланыштуу «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө» мыйзамга ылайык, аларга материалдык жардам каралганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков түшүндүрдү.
Бул каражаттар аларга жүктөлгөн функцияларды жана жумуш көлөмүнө жараша топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Кургак учуктан ийгиликтүү дарыланган, райондук же шаардык консилиумдун текшерүүсү менен тастыкталган учурлар гана төлөнүп берилет».
№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун Ленин районунда 5 филиалы бар. Бул райондо жашаган бейтап үйүнө жакын жердеги мекемеге күн сайын барып, дары-дармектерди алып турууга тийиш. Медайымдардын көзөмөлүндө керектүү дарыларды ичип, кагазга кол коюп кетет. Мындай аракет бейтап дарыларды өз убагында ичүүсүн, бейтаптар сакаюу жолуна багыт алуусун камсыздай турганын түшүндүрдү фтизиатр дарыгер Бегимай Рахманова. Бейтаптар анализди акысыз тапшырып, керектүү дары-дармекти бекер алышат.
Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет аба аркылуу жана оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарыларды ичиши керек.
Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот.
Дүйнөлүк статистикага таянып айтсак, кургак учукка чалдыккандар 13%га, көз жумгандар 26%га азайган. Анткен менен айрым өлкөлөрдө ооругандар азайса, айрым мамлекеттерде тескерисинче, көп каттала баштаган.
Кургак учук адамдын өмүрүнө өтө кооптуу 10 дарттын катарына кирет. 2017-жылы дүйнөдө 10 млн адам ооруган болсо, анын 1,6 миллиону каза тапкан. 2000-жылдан 2017-жылга чейинки дүйнөлүк статистикада бул илдетке чалдыккандар 54 млн адамга кыскарганы айтылат.