Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев, Зулушев, Ниязбеков Токтогулдун жашоочулары менен жолугушту

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 304 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бакыт Төрөбаев элдин үнүн угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдыруу президенттин тапшырмасы экенин айтты.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз» , — деди Төрөбаев.

Тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар, алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселе көтөрүшкөн.

Президенттин тапшырмасына ылайык, 6-июлдан баштап элдин маселелеринен кабар алуу максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков башында турган жетекчилер эл менен жолугууда.

Себеби президент аймактарга жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктарды көбүрөөк айтышат. Ошол себептен мамлекет башчы башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Зулушев менен Ниязбеков Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM