Бүгүн, 5-июлда «Дордой» базарында жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат саат 11де түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 7 бөлүм жана штаб, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа тартылган. Учурда жеринде өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.