Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 6 айда 73,6 млрд сом салык жыйнады

Кыска кабар | 5 Июл 2022 | 286 | 0

2022-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 73 млрд 611,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.

Белгиленген план 101,8 %га аткарылып, 1 млрд 324,7 млн сомго ашыгы менен чогултулганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 млрд 642,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 156,7 %).

Салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, контролдук-кассалык машиналар, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы ж.б. ишке киргизилиши пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM