Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэропортторун сырткы башкаруусу тууралуу айтты

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 729 | 0

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга берүүнүн пайдасы абдан көп экенин, аны билип-билбей эле кыйкырып чыккандар болуп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Акылбек Жапаров учурда аба майданынан 4 млрд сом түшүп жатса, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүш менен 8 миллиард сом пайда көрүлөрүн айтты. Эки аэропорт тең хаб катары иштей баштайт. Тышкы башкарууга пайданы 50/50 менен бөлүшүү келишими менен берилгени жатат, башкаруу да чогуу болот.

«Биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат. Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар: “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз”, деп жатышат. Тагыраагы, үстүнө пайда көрбөй калабыз деп жатышат. Кайсы инвестор кайсы тармакка инвестиция салбасын, эки-үч эселеп пайда көрүп кетүүнү самайт. Ошол үчүн азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз» , — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет.

Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүк биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат.

«Ал эми “азыркы таап жаткан кирешебиз менен өзүбүз деле салып койсок болот” дегендер менен мен деле макулмун. Өзүбүз салып койсок деле болот, ага 10-15 жыл убакыт кетет. Бирок азыркыдай — күнүнө бир учак конуп жаткандай 10-15 жылдан кийин деле ушундай эле болот. Анткени биз логистиканы өнүктүрө албайбыз. Бул инвесторлор 50 жылдан бери дүйнө жүзүнө аэропортторду салып, логистикасын өнүктүрүп келген инвесторлор. “Манас”, “Ош” эропорттору бүтөрү менен кошумча каттамдарды ачып, иштетип кетебиз деп жатабыз» , — дейт өкмөт башчы.

Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. Инвестор өкмөт койгон шарттарга макул болсо келишим түзүлөрүнө Жапаров ишендирди.

Депутат Жанар Акаев парламенттин 30-июндагы жыйынында өкмөт «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун 39 жылга түркиялык компанияга сырткы башкарууга бергени жатканын айткан.

Депутат: Өкмөт эки ири аэропортту 39 жылга сырткы башкарууга бергени жатат

Copyright © 2017 Maral FM