Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкерден опузалап акча талап кылгандар кармалды

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 361 | 0

Баткенде ишкерди коркутуп, опузалап акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну Х.М. милицияга арыз менен кайрылып, 27-июнь күнү Умар аттуу жаран ага кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 АКШ долларын берүүсүн талап кылып, коркуткандыгын билдирген.

Жабырлануучунун арызы боюнча Баткен ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап акча талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Звездный көчөсүнүн жашоочусу 35 жаштагы А.А. менен Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүнөн жашоочусу мурда соттолгон 35 жаштагы А.А. талап кылган паранын 16 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды.

Мурда соттолгон 35 жаштагы А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM