Биз менен байланышыңыз

Жибек Молдоева Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын президенти болду

Кыска кабар | 3 Июл 2022 | 283 | 0

Жибек Молдоева Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

2-июлда Бишкекте өткөн федерациянын отчеттук шайлоо конференциясында аталган федерациянын президентин жана биринчи вице-президентин шайлоо каралган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Жибек Молдоева президент, Айзада Абдыкеримова биринчи вице-президент болуп шайланды.

Жибек Молдоева буга чейин Ок атуу спорту федерациясынын баш катчысынын милдетин аткарган жана спорт менеджементи боюнча адис. Францияда билим алган.

Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясы 1992-жылы ок атуу спортун жайылтуу максатында негизделип, федерациянын Саламат Эргешова жетектеп келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM