Жибек Молдоева Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
2-июлда Бишкекте өткөн федерациянын отчеттук шайлоо конференциясында аталган федерациянын президентин жана биринчи вице-президентин шайлоо каралган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Жибек Молдоева президент, Айзада Абдыкеримова биринчи вице-президент болуп шайланды.
Жибек Молдоева буга чейин Ок атуу спорту федерациясынын баш катчысынын милдетин аткарган жана спорт менеджементи боюнча адис. Францияда билим алган.
Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясы 1992-жылы ок атуу спортун жайылтуу максатында негизделип, федерациянын Саламат Эргешова жетектеп келген.